Коомдук кабыл алуу

Коомдук кабыл алуу

Нарзан айыл өкмөтү жарандардын арыздарын, сунуштарын жана даттанууларын жазуу жүзүндө, электрондук түрдө, онлайн форма аркылуу жана жеке кабыл алууда кабыл алат.

Кайрылуулар Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамына ылайык каралат.

Кайрылууну кароо мөөнөтү

  • Кайрылуу келип түшкөндөн кийин 1 жумушчу күндүн ичинде катталат;

  • Катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралып, жооп берилет;

  • Кошумча текшерүү, экспертиза же кошумча материалдарды алуу зарыл болсо, кароо мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу кайрылуучуга жазуу же электрондук түрдө билдирилет;

  • Маселе бир нече органдын компетенциясына тиешелүү болсо, кайрылуунун көчүрмөсү 5 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

Кайрылуучунун укуктары

Кайрылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

  • кайрылуунун катталган күнү жана номери жөнүндө маалымат алууга;

  • кайрылууну кароого байланыштуу материалдар менен мыйзамда жол берилген чекте таанышууга;

  • өзүнүн далилдерин жана кошумча материалдарын берүүгө;

  • кайрылууну кароого өзү же өкүлү аркылуу катышууга;

  • белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө жооп алууга;

  • кабыл алынган чечимге же кызмат адамынын аракетине (аракетсиздигине) административдик жана/же сот тартибинде даттанууга;

  • кайрылууну кароону токтотуу жөнүндө арыз берүүгө.

Кайрылууда көрсөтүлүшү керек

Аты-жөнү, байланыш маалыматы, кайрылуунун мазмуну жана зарыл болгон учурда тиешелүү документтер көрсөтүлөт.

Кайрылууда берилген жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголот.


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген