Эми сиздер өз үйүңүздөрдү өрттөн, табигый кырсыктардан жана башка коркунучтардан камсыздандырып, ошондой эле унааңыздар үчүн ОСАГО (жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу) полисин түздөн-түз Нарзан айыл өкмөтүнөн тарта аласыздар. Биздин адистер төмөнкү кызматтарды көрсөтүшөт:— турак үйдү ар кандай тобокелчиликтерден камсыздандыруу;— унаа үчүн ОСАГО камсыздандыруусун тариздөө;— камсыздандыруу боюнча кеңеш берүү. Камсыздандыруу — бул сиздин коопсуздугуңуз жана ишенимдүү келечегиңиз! Бардык тургундарды Нарзан айыл өкмөтүнө келип, камсыздандыруу боюнча кызматтардан пайдаланууга чакырабыз.