УРМАТТУУ НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТУРГУНДАРЫ!
Нарзан айыл өкмөтү 2026-жылдын 18–19-декабрь күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын V Элдик Курултайы өткөрүлөрүн маалымдайт.
Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо максатында жергиликтүү деңгээлде тургундардын чогулуштары өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу Нарзан айыл аймагында тургундардын чогулуштары төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:
📍 2026-жылдын 13-октябры, саат 10:00 — Кош-Дөбө айылы, клуб.
📍 2026-жылдын 14-октябры, саат 13:00 — Ак-Суу айылы, № 1 орто мектеп.
Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү курултайы 2026-жылдын 24-октябрында Беловодское айылындагы Жаштар үйүндө өткөрүлөт.
Бардык тургундарды жергиликтүү чогулуштарга активдүү катышууга жана өз пикирлерин билдирүүгө чакырабыз.
Сиздердин катышууңуздар жергиликтүү коомчулуктун маанилүү маселелерин чечүүдө чоң мааниге ээ!