ӨКМ ЭСКЕРТЕТ: СУУДАГЫ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!

778231145 4414882145494558 7752565530110965340 n

Урматтуу тургундар! Жай мезгилинде сууда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырабыз.

Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • сууга түшүүгө жабдылбаган жана сууга түшүүгө арналбаган көлмөлөрдө, каналдарда, дарыяларда жана жасалма көлмөлөрдө сууга түшүүгө;
  • спирт ичимдиктерин ичүүгө жана мас абалында сууга түшүүгө;
  • эскертүүчү жана тыюу салуучу белгилер коюлган жерлерде сууга түшүүгө;
  • балдарды суу объектилеринин, дарыялардын, бассейндердин жана каналдардын жанында чоңдордун көзөмөлүсүз калтырууга;
  • саздак, балыр жана ылай баскан жерлерде сууга түшүүгө;
  • пляждарда кайык, суу велосипеди жана башка сүзүүчү каражаттарды коопсуздук талаптарын бузуу менен пайдаланууга.

Урматтуу ата-энелер! Балдарыңыздарга өзгөчө көңүл буруп, аларды дайыма көзөмөлдөңүздөр. Балдардын чоңдордун уруксатысыз жана коштоосуз суу объектилерине өз алдынча баруусуна жол бербеңиздер.

Балдарга сууда жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп, алардын жүргөн жерине көз салып туруңуздар.

Эсиңиздерде болсун: суу шалаакылыкты кечирбейт! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген