2026-жылдын 17-июлунда Чүй УТРКнын, ички иштер бөлүмүнүн, Нарзан айыл өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда суу көлмөлөрүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен рейд өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө жарандарга, өзгөчө балдарга жана алардын ата-энелерине суудагы коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын катышуучулары кооптуу жана сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде сууга түшүүгө жол берилбестигин эскертип, ата-энелерди балдарды кароосуз калтырбоого чакырышты.
Ошондой эле жарандарга суу көлмөлөрүнүн жанында эс алуу учурунда коопсуздук чараларын так сактоо, балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча сунуштар берилди.
Мындай алдын алуу иш-чаралары жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле суудагы кырсыктардын алдын алууга багытталган.




