Нарзан айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү
Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э. Оскомбаев Нарзан айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору менен 2026–2027-окуу жылынын башталышына карата жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө жаңы окуу жылына даярдык көрүү, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык абалын жакшыртуу, окуу процессин талаптагыдай уюштуруу жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында мекеме жетекчилерине жаңы окуу жылын уюшкандыкта баштоо жана билим берүү процессин сапаттуу жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.