Белгиленбеген жерлерде башаламан соода жүргүзүүгө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

755694448 4388615341454572 36371885230002061 n

Нарзан айыл өкмөтү Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык милиция кызматкерлери менен биргеликте Фрунзе жана Ленин көчөлөрүндө жарандар арасында белгиленбеген жерлерде башаламан соода жүргүзүүгө жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга коомдук тартипти сактоо, жөө жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын коопсуз кыймылына тоскоолдук жаратпоо, ошондой эле соода иштерин мыйзамда каралган жана атайын белгиленген жайларда гана жүргүзүү зарылдыгы түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, белгиленбеген жерлерде соода жүргүзүп жаткан жарандарга мыйзам талаптарын сактоо жана мындай соода-сатыкты токтотуу зарылдыгы тууралуу тиешелүү эскертмелер берилди.

Нарзан айыл өкмөтү коомдук тартипти, санитардык тазалыкты жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тиешелүү кызматтар менен биргеликте мындай түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин мындан ары да улантат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген