Аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштери улантылууда

1111

Нарзан айыл аймагында санитардык тазалыкты камсыз кылуу жана коомдук жайларды көрктөндүрүү боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Дем алыш күнүнө карабастан, «Таза Нарзан» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Южная көчөсүндө жайгашкан таштанды төгүлүүчү аймакты тазалоо иштерин жүргүзүштү. Тазалоо учурунда топтолгон таштандылар жыйналып, аймак иретке келтирилди.

Мындан тышкары, поворот зонасынан РОВДга чейинки аймакта ишембилик уюштурулуп, жол жээктери жана коомдук аймактар таштандылардан тазаланды. Натыйжада аймактын санитардык абалы жакшыртылып, айлана-чөйрө иретке келтирилди.

«Таза Нарзан» муниципалдык ишканасы тарабынан калктуу конуштардын тазалыгын сактоо, таштандыларды өз убагында тазалоо, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана жашоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытындагы иштер мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат.

Ошондой эле жашоочуларды айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого, таштандыларды белгиленген жайларга гана таштоого жана жалпы аймакты таза кармоого чакырабыз.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген