№4 орто мектебине 300 орундуу жаңы корпус курулууда

4.2

Объект: №4 орто мектеп, Ак-Суу айылы, Вокзальная көчөсү, 45.

Көйгөй:
Мектептин азыркы имараты 1972-жылы курулуп, долбоор боюнча 800 окуучуга ылайыкталган. Учурда бул мектепте 2 206 окуучу үч нөөмөттө билим алууда. Бул көрсөткүч имараттын долбоордук кубаттуулугунан кыйла жогору.

Долбоордун максаты:
Мектептеги орун тартыштыгын азайтуу, окуучулардын үч нөөмөттө билим алуусун кыскартууга шарт түзүү жана билим берүү процессинин сапатын жакшыртуу.

Жаңы корпус:
Долбоордун алкагында 300 окуучулук орунга эсептелген жаңы корпус курулууда.

Подрядчы:
Курулуш иштерин «Кут компани» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Долбоор ишке ашырылгандан кийин мектептин жалпы сыйымдуулугу көбөйүп, окуучулар үчүн билим алуу шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген