№3 орто мектебине 300 орундуу жаңы корпус курулууда
Объект: №3 орто мектеп, Беловодск айылы, Киров көчөсү, 229.
Көйгөй: Мектептин азыркы имараты 1962-жылы курулуп, 450 окуучуга ылайыкталган. Учурда мектепте болжол менен 1 600 окуучу билим алууда. Окуучулардын саны имараттын долбоордук мүмкүнчүлүгүнөн кыйла жогору болгондуктан, кошумча окуу жайларына муктаждык жаралган.
Долбоордун максаты: Окуучулар үчүн кошумча орундарды түзүү, мектептеги орун тартыштыгын азайтуу жана билим берүү процессине ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.
Жаңы корпус: Долбоордун алкагында мектепке 300 окуучулук орунга эсептелген кошумча корпус курулууда.
Подрядчы: Курулуш иштерин «Мега-Девелопмент компани» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
Долбоор ишке ашырылгандан кийин мектептин жалпы сыйымдуулугу көбөйүп, окуучулар үчүн билим алуу шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.