№3 орто мектебине 300 орундуу жаңы корпус курулууда

WhatsApp Image 2026 09

Объект: №3 орто мектеп, Беловодск айылы, Киров көчөсү, 229.

Көйгөй:
Мектептин азыркы имараты 1962-жылы курулуп, 450 окуучуга ылайыкталган. Учурда мектепте болжол менен 1 600 окуучу билим алууда. Окуучулардын саны имараттын долбоордук мүмкүнчүлүгүнөн кыйла жогору болгондуктан, кошумча окуу жайларына муктаждык жаралган.

Долбоордун максаты:
Окуучулар үчүн кошумча орундарды түзүү, мектептеги орун тартыштыгын азайтуу жана билим берүү процессине ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.

Жаңы корпус:
Долбоордун алкагында мектепке 300 окуучулук орунга эсептелген кошумча корпус курулууда.

Подрядчы:
Курулуш иштерин «Мега-Девелопмент компани» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Долбоор ишке ашырылгандан кийин мектептин жалпы сыйымдуулугу көбөйүп, окуучулар үчүн билим алуу шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген