Жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүнүн жол белгилери жаңыланууда
Нарзан айыл аймагындагы автомобиль жолдорунда жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөрдүн жол сызыктарын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында аткарылууда.
Жол белгилерин жана өтмөк сызыктарын жаңылоо айдоочуларга жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймактарды так аныктоого жардам берип, жол кырсыктарынын алдын алууга өбөлгө түзөт.