Инновациялык долбоор: «Concrete Canvas» заводунун курулушу

WhatsApp Image 2026 09 27 at 18.34.12

Долбоор: «Concrete Canvas» (United Concrete Canvas) инновациялык өндүрүш заводунун курулушу.

Жайгашкан жери: Нарзан айыл аймагы, Ак-Суу айылынын аймагындагы өнөр жай зонасы.

Долбоордун максаты:
Кыргызстанда ирригациялык жана суу чарба инфраструктурасын модернизациялоодо колдонулуучу заманбап курулуш материалдарын жергиликтүү деңгээлде өндүрүүнү жолго коюу.

Өндүрүлүүчү продукция:
Заводдо геосинтетикалык цементтик композиттик маттар (GCCM) — ийкемдүү бетон полотно өндүрүлөт. Материалдын курамында цементтик аралашма бар жана суу менен нымдалгандан кийин жука, бекем жана суу өткөрбөгөн бетон катмарына айланат.

Мындай материал ирригациялык каналдарды, гидротехникалык курулмаларды жана башка инфраструктуралык объекттерди курууда жана реконструкциялоодо колдонулат.

Инвестициянын көлөмү:
Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү болжол менен 20 миллион еврону түзөт.

Өндүрүштүк кубаттуулук:
Биринчи өндүрүш линиясынын кубаттуулугу жылына болжол менен 7 миллион м² бетон полотно чыгарууга эсептелген.

Долбоордун учурдагы абалы:
Заводдун курулушун баштоо аземи өткөрүлүп, символикалык капсула салынган. Долбоор боюнча өндүрүш объекттерин куруу жана заманбап технологиялык жабдууларды жайгаштыруу каралган.

Биринчи өндүрүш линиясын 2027-жылы ишке киргизүү пландалууда.

Долбоордун мааниси:
Заводдун ишке кириши ирригациялык системалардагы суу жоготууларын азайтууга, каналдарды реконструкциялоонун ылдамдыгын жогорулатууга, заманбап курулуш материалдарын өлкө ичинде өндүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген