Эми сиздер турак үйүңүздөрдү өрттөн, табигый кырсыктардан жана башка тобокелчиликтерден камсыздандырып, ошондой эле унааңыздар үчүн ОСАГО — жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин түздөн-түз Нарзан айыл өкмөтүнөн тариздей аласыздар.
Нарзан айыл өкмөтүнүн адистери төмөнкү кызматтарды көрсөтүшөт:
турак үйлөрдү ар кандай тобокелчиликтерден камсыздандыруу;
унаалар үчүн ОСАГО полисин тариздөө;
камсыздандыруу маселелери боюнча кеңеш берүү.
Камсыздандыруу — күтүлбөгөн кырдаалдардан коргонууга жана мүлкүңүздүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган маанилүү чара.
Бардык тургундарды Нарзан айыл өкмөтүнө кайрылып, камсыздандыруу боюнча жеткиликтүү кызматтардан пайдаланууга чакырабыз.