Балдар эмгегин пайдаланууга жол бербөө боюнча рейд өткөрүлдү

749285963 4381867958795977 9175668898238419505 n

2026-жылдын 15-июлунда Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн, социалдык коргоо кызматынын жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин катышуусунда балдар эмгегин пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө коомдук тамактануу жайлары текшерилип, жашы жете электердин эмгегин пайдаланууга байланыштуу мыйзам талаптарынын сакталышына көңүл бурулду.

Иш берүүчүлөр менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгегин пайдаланууда мыйзамда белгиленген талаптарды так сактоо зарылдыгы эскертилди.

Мындай иш-чаралар балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле балдар эмгегин мыйзамсыз пайдалануунун алдын алууга багытталган.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген